Мындай буйрукка ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шер бүгүн кол койду. Ага ылайык, мындан ары ички иштер органдары оппозициялык маанайдагы күчтөрдү иликтөө маселелери менен иштебейт. Бул маалыматты аталган министрликтин маалымат жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахматулла Ахмедов “Азаттыкка” тастыктады.
ИИМдин 9-бөлүмү расмий түрдө диний экстремизм, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү иштерин жүргүзүп келген. Ошондой эле аларга оппозиция өкүлдөрүнүн жана айрым бейөкмөт уюмдардын иштерин көзөмөлдөө тапшырылган. (КЕ)