Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бугүн НАТОнун Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Башкы катчысынын атайын өкүлү Роберт Ф.Симсонду кабыл алды. Эки тарап коомдук коопсуздукту камсыз кылууда биргелешип кызматташуу, тартип коргоо органдарынын ролун күчөтүү тууралуу сүйлөштү. Өз кезегинде Р.Отунбаева НАТО өкүлүнө апрель окуясынын келип чыгуу себептери жана азыркы кырдаал тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. (КЕ)