Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

«Теке секирик» долбоору - Баткендин экономикасын өнүктүрүүгө жол ачат


Бул тууралуу Баткен облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бредишов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жалпы баасы 273 млн. долларды түзгөн бул долбоорду мамлекеттин өнүгүү программасына киргизүү үчүн облус жетекчилиги аракет көрө баштады. Эгер долбоор ишке ашчу болсо, аймакта дагы кошумча 50 миң гектардай жер өздөштүрүлүп, чакан ГЭС куруу менен Зардалы айылына жакын жерде 5 млрд. тонна кору бар алюминий кенин иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бул демилге 12-июнда өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын Баткен облусуна жасалчу иш сапарында да көтөрүлөт деп билдирет облустук акимчиликтен. «Теке секирик» долбоорун ишке ашыруу демилгеси облус жетекчиси Султанбай Айжигитовдун биринчи жолу 2005-жылы губерантор болуп турган мезгилинде көтөрүлүп, 3 млн. сомго алгачкы долбоорлоо иштери жүргүзүлүп, кайра токтоп калган эле. (JsA)

XS
SM
MD
LG