Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Кандагарда кайрадан жардыруу


Жардыруудан жаракат алгандар ооруканда дарыланууда.
Жардыруудан жаракат алгандар ооруканда дарыланууда.

Ооганстандын түштүгүндөгү соңку жарылуудан бери дегенде 40 киши жайран болду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жанкечти жардырууну Кандагар провинциясындагы кыштакта, үйлөнүү үлпөтү учурунда жасаган. Бирок Талибан бул кол салууга тиешеси жок экендигин айтып чыкты.

Ооган Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Змарай Башаринин “Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, 9-июндун кечиндеги жарылуудан 40 адам каза тапкандан тышкары, 74 киши да жаракат алган. Окуя Кандагар шаарынан көп алыс эмес, түндүк тарапта жайгашкан Нагахан деген кыштакта болгон. Талибан бул ирет жардырууга тиешеси жоктугун айтканына карабай, расмий өкүлдөр жарылуу жанкечтинин колунан келген иш экендигин белгилешүүдө.

Жарылуунун эки күбөсү “Азаттык” радиосуна ал кандайча болгондугун эки башка сүрөттөштү. Абдул Сатар ысымдуу күбө мындай дейт:

-Бул жанкечти жасаган жардыруу болду. Ал өзү да кечеге катышып жаткан. Бомбасын дүрмөткө келтирүүгө умтулганда, ага бир улгайган адам жолтоо кылууга аракеттенди. Бирок ал өзүн качып барып, жардырып жиберди.

Күбөлөрдүн экинчиси Назар Мохаммад буларды айтат:

-Биз тамак ичип жатканбыз, капыстан эле жарылуунун үнү угулду. Аны жанкечти жасадыбы же абадан сокку урулдубу, биз билбей калдык. Бирок жабыр тарткандар көп болду.

Дарыгерлердин айтымында, жаракат алгандардын кай бирлеринин абалы оор. Жарылуу үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жайдын эркектер отурган бөлүгүндө орун алган жана жаракат алгандар арасында той берип жаткан жигит да бар. Кандагардын полиция башчысынын билдиргенине караганда, үлпөткө келгендердин көпчүлүгү полицияга же жергиликтүү кошуунга катыштыгы болгондуктан, жанкечти аларды бутага алууну көздөшү мүмкүн. Бирок жабыр тарткандардын көпчүлүгү жөн-жай тургундар.

"Франс Пресс" агенттигинин кабарчысына үйлөнүү үлпөтү бүлгүнгө учураган жигиттин туугандары ал АКШнын атайын күчтөрүнө колдоо көргөзүү үчүн Талибанга каршы түзүлгөн жергиликтүү кошуундун мүчөсү экендигин айтышкан.

Карапайым тургундарга забын келтиргендиги жөнүндөгү маалыматтарды такай жерип келе жаткан Талибан бул кандуу окуяны НАТОнун аба соккусунун натыйжасы катары мүнөздөдү жана жабыр тарткандардын жакындарына көңүл айтты.

Ал эми НАТО жана АКШ күчтөрүнүн өкүлдөрү Талибандын билдирүүсүн туура эмес маалымат таратуу аракети катары баалады. НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысынын орун басары, генерал-лейтенант Ник Паркер өз билдирүүсүндө согушкерлерди эч кимди ылгабастан кол салып жатканы үчүн айыптады.

Кандагардын губернатору Туралай Виса басма сөз жыйыны учурунда жардырууну жанкечти жасагандыгынын далили катары окуя болгон жерден алынган темирдин сыныгын көргөздү. Губернатордун айтымында, андай үлгүдөгү жабдууну адатта жанкечти бомбачылар тагынып жүрөт.

Хамид Карзай Кабулда, Британиянын Ооганстанга алгач ирет барган жаңы премьер-министри Дэвид Камерон менен бирге өткөргөн маалымат жыйыны учурунда Кандагардагы жардырууну террордук акт катары баалады:

-Үйлөнүү үлпөттөрү - бүткүл дүйнө боюнча жөн эле жакшы эмес, ыйык, урматтоого жана коргоого татыктуу учур. Ушул жерде адамдарды өлтүргөн жанкечти исламга эле эмес, бүткүл адамзатка каршы иш жасады.

Кандагардагы кандуу окуя президент Карзай уруу башчылардын курултайында же лойа жыргада согушкерлер менен жарашууну көздөгөн планына колдоо алгандан бир нече күндөн кийин орун алып олтурат. Талибандын жетекчилиги ал жыйынды четке каккан.

Учурда АКШ, НАТО жана ооган күчтөр Кандагарда талибдерден тазалоо боюнча кеңири масштабдагы операция өткөрүүгө даярданууда. Ушундан уламбы АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен менен коргоо министри Роберт Гейтс алдыдагы апталар менен айларда кыянатчылыктар күчөрүн эскертишкен.

Айткандай эле ушул аптанын төрт күнүндө Ооганстанда 20дан ашуун чет элдик аскердин өмүрү кыйылды. Анын ичинде 9-июнда Гилменд провинциясында НАТОнун тик учагы атып түшүрүлгөндө, америкалык төрт аскер каза тапты. Талибандын ырастоосунда тик учакты алардын согушкерлери кулаткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG