Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Р. Отунбаева: Деструктивдүү күчтөрдүн аракетин токтоттук


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева азыр эле Улуттук телерадио корпорациясында билдирүү жасады. Анда Ош шаары менен Кара-Суу районунда адамдардын өлүмүнө алып келген жаштар топторунун кагылышуулары болду, деп билдирди. Бул аймакта акыркы бир жумадан бери түрдүү топтордун ортосунда мамиле кыйла курчуп келгенин белгиледи. Р. Отунбаева убактылуу өкмөт чукул чаралар менен өлкөдө баш аламандык уюштургусу келген деструктивдүү күчтөрдүн аракетин ишке ашырган жок, деп баса белгиледи. Бул максатта асманга эскертүү үчүн ок атылды. Ош шаарына аскердик оор техникалар киргизилди. Р. Отунбаева соңку маалымат боюнча тополоңдо беш адам курман болду, деп билдирди. Кырктан ашуу адам жаракат алды. Он чакты унаа өрттөлдү. Бир нече соода мекемелери талкаланды. Убактылуу өкмөт түнкү саат экиде чогулуп Ош шаарында, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал жарыялап коменданттык саат киргизүү тууралуу декрет кабыл алды. Коменданттык саат кечки саат 8ден таңкы алтыга чейин созулат жана 20-июнга чейин киргизилет. (EBM)

XS
SM
MD
LG