Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Роза Отунбаева: Биздин башка жолубуз жок, башка жол – эскиге кайтып келүү


Бүгүн Жогорку Соттун имаратында өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрүлүп, соттордун жана прокуратура органдарынын ишмердиги жөнүндө сөз болду. Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кеңешмеге Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Кубаныч Момбеков, Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев, жергиликтүү соттордун судьялары, прокуратура органдарынын кызматкерлери катышты.

Роза Отунбаева өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн тополоң окуяларга токтолуп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер жөнүндө айтып кетти.

Р. Отунбаева ошондой эле Оштогу окуяларда өлкөдөгү кырдаалды бузуп-жарууну көздөгөн жана референдумду үзгүлтүккө учуратууну максат кылган күчтөрдүн катышы бар болушу мүмкүн экенин белгиледи:

Биз оор учурда жашап жатабыз. Саясий кыраакылыктын сыноосунан өтүп жатабыз. Референдум – бардыгыбыз үчүн саясий тест. Биздин өлкөдөгү кырдаалды бүт дүйнө карап турат. Биздин аракеттер референдумду өткөрүү, чыныгы демократиялык өлкө курууга багытталган жаңы Конституцияны кабыл алуу. Биздин башка жолубуз жок, башка жол – эскиге кайтып келүү”.

XS
SM
MD
LG