Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Оштогу Фурхат айылында тирешүү токтой элек


Бул тууралуу Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев “Азаттыктын” аймактагы кабарчысына билдирген. Маалыматка ылайык, Ош шаары менен Кара-Суу районунун чектеш Фурхат айылында маал-маалы менен ок атылууда. Тирешүүдө эки киши каза таап, отуздайы ооруканага жеткирилген. Ал эми коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, Ош шаарындагы Черемушка кичи районунда дале ок атылууда. Кара жип унаа айдаган, беткапчан кишилер курал көтөрүп жүрүшөт. Айрым үйлөр өрттөлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG