Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Коменданттык сааттын убактысы узартылды


Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгынын маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаал киргизилген Ош шаары жана облусттун айрым аймактарында коменданттык саат кечки алтыдан таңкы алтыга чейин созулат.

Ош шаарында түндө чыккан тополоңдон кийин Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып түнкү саат экиден тарта кечки сегизден таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизилген болчу. Бул Убактылуу өкмөттүн чукул декрети менен кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG