Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Москвалык кыргыздар профессор Т. Кубатбековдун таламын талашууда


Убактылуу өкмөттүн төрайымы, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын атына жазылган Кайрылууда Москвадагы “Кыргыз биримдиги” уюмдун төрагасы Абдыганы Шакиров жана мүчөлөрү убагында Москвадагы кыргыз диаспорасынын сунушу боюнча 2008-жылы Кыргыз агрардык университетине ректор болуп дайындалып, натыйжалуу иштеп келаткан профессор Турсумбай Кубатбековду “Бакиевдин кишиси” деп бузуку күчтөр кысмакка алып кет деп жатканына нааразы экенин билдиришкен. “Эгерде Т.С.Кубатбековго окшогон күчтүү специалист жогоруда айтылган шылтоолор менен иштен бошотулган болсо, анда Кыргызстандын келечегине чон зыян болот деп ишенебиз”,-деп айтылат билдирүүдө. Т. Кубатбеков бул кызматка келгенге чейин 28 жыл Москвадагы Россия элдердин достугу университетинде (РУДН) эмгектенген, биология илимдеринин доктору.

XS
SM
MD
LG