Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусттук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абдылда Капаров билдирди. Анын айтымында, аймакты түнү менен милиция кызматкерлери жана элдик кошуундар күзөтүп чыкты. Талап-тоноо, атышуу жана киши өлтүрүү боюнча бир да факты катталган жок. Кечээ Араван районун айрым жерлеринде жаатташкан топтор топтолуп, тирешкен тараптар сүйлөшүү аркылуу таркатылган болчу. (EBM)