«Ата Мекен» партиясынын облустук бөлүмүнүн төрагасы Абдирашит Исаков билдирген маалыматка караганда, Ош шаарында окуган баткендик студенттер телефон аркылуу ата-энелерине тамак аш жок болуп жатканын кабарлашкандан кийин «Ата Мекен» партиясынын облустук бөлүмү нан, жеңил жана тез даярдалуучу азыктарды алып Ош шаарына жөнөп кетишти. Тамак-аш шаардагы кооптуу жайларда калып калган студенттерге жана тургундарга таркатылууда.
«Баткен биримдиги» коомдук кыймылынын мүчөлөрү да Оштогу абалды турукташтырууга жардам берүү үчүн ыктыярчыларды алып кетишкени айтылды.
Баткендин жергиликтүү бийликтери 11-июнда эле 15 тен ашык кичи автобустарды жөнөтүп, Ош шаарынан студенттерди алып чыга баштаган эле. (Jsa)