Убактылуу өкмөтүн төрайымы Роза Отунбаеванын Буйругу менен Байболов Кубатбек Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Кубатбек Байболов оппозициядагы саясий ишмер, парламенттин мурдагы депутаты. 2007-жылы парламенттик шайлоодон кийин бийликтин кысымына алынып, АКШга үй-бүлөсү менен кеткен болчу. 7-апрелдеги окуянын натыйжасында Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Бишкекке кайтып келген.