Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Ош жана Жалал-Абад шаарларына согушчандар кирген жок


Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Өзбекстан тараптан куралданган кылмышкерлердин, согушчандардын тобу келди деген жалган маалымат элге тарап, шаар калкын удургутуп жатат. Өзбек-кыргыз чек аралары толук көзөмөлдө экени жана белгисиз адамдар Кыргызстан тарапка өтпөгөнү таcтыкталды.

Кечээ Убактылуу өкмөт чыгарган Декретке ылайык, жарандарды коргоо жана аларга кол салуудан коргонуу, барымтадагыларды куткаруу максатында, куралды тартып алуу аракеттери болгон учурларда, укук коргоо органдарынын, аскер күчтөрүнө, мамлекеттик маанилүү жайлар, мекеме-ишканалардын имараттарына жана жарандардын үй-жайына кол салуу болгон учурларда милиция кызматкерлерине, аскерлерге куралдан ок атууга уруксат берилет. Куралдуу каршылык көрсөткөн кылмыштуу топторго жана куралды өткөрүп берүүдөн баш тарткандарга да ок атууга жол берилет. (GA)

XS
SM
MD
LG