Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Cловакияда бийликке оңчул партиялар келет


Словакияда 12-июнда өткөн парламенттик шайлоодо орточул-оңчул партиялар жеңип чыгаары айкын болду. Бюллетендердин 80 проценттен көбү саналгандан кийин премьер-министр Роберт Фико башындагы солчул партия 150 орундуу парламентте 64 мандатка ээ болору, ал эми төрт оңчул партия жана жергиликтүү венгерлердин оппозициячыл партиясы 77 орунду алары айкындалды. Бул оңчулдарга жаңы коалициялык өкмөттү түзүүгө мүмкүндүк берет. Оңчулдар шайлоо өнөктүгү маалында айлана чөйрөнү коргоону жакшыртабыз, бюджеттин дефицитин кыскартабыз деп сөз беришкен. Саясый өнөктүк Словакия – Венгерия алакасы курчуй түшкөнүн да көрсөттү. Себеби Будапешт жакында словакиялык венгерлердин Венгериянын жарандыгын алуусун жеңилдетип койгон.

XS
SM
MD
LG