Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөрүбай Жураев билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Ош шаарынын Ош кичи районунда атышуулар болуп, айрым соода түйүндөрү өрттөлүүдө. Кагылыш учурунда ок жеп жаракат алгандар бар.
Ош аймактык комендантурасы да “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктап, тиешелүү чаралар көрүлүп атканын билдиришти. Ок атышуу болуп аткан аймакка Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов баштаган атайын топ чыгып кетти. (ATo, IJz)