Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Жалал-Абад облусуна өзгөчө кырдаал киргизилди

Убактылуу өкмөт облуста кагылыштар токтобой жаткандыктан жалпы облус боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, 22-июнга чейин коменданттык саат киргизди. Облус коменданты болуп дайындалган Коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Кубатбек Байболовго кеңири укуктар берилди. Жалал-Абад шаарында бүгүн көчөлөрдө киши жокко эсе, жергиликтүү тургундар жолдорду бөгөп алышкан, соода түйүндөрүнүн бардыгы жабык. Оштогу окуяларга кабатыр болгон 2 миңдей киши “Телтору” ат майданында топтолуп тургандыгы кабарланган. Жалал-Абад облусунда Ош-Бишкек жолу тосулган жок.
XS
SM
MD
LG