Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Ошто элдешүү аракеттери уланууда


Ош шаарындагы “Он-Адыр” кичи районунда жашаган өзбек улутундагы жарандар менен кыргыз улутундагылар жарашуу иретинде сүйлөшүүлөрүн улантышууда. Ош шаарында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев маалымдагандай, ушул тапта “Мухаммед Умар-Ош” коомдук уюмунун тең төрагасы Мухаммед Курбанов баштаган топ “Он-Адыр” кичи районуна сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кетишти. Кепке келип элдешүү иш-чараларын кыргыз-өзбек активисттери уюштурушууда. Алардын айтымында, эки тарап тең чагымчылардын ортого от жагуу аракеттерине алдырбоого, андай чагымчы күчтөрдү жалпылап кармоого жана күч органдарына тапшырып берүүгө көмөктөшүүгө чакырышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG