Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Экс-президент Аскар Акаев Кыргызстандын элине кайрылды


Аскар Акаев өзүнүн кайрылуусунда кыргыз жана өзбек боордошторуна кайрылып, бейкүнөө кан төгүлгөн тополоңду токтотууга чакырды. Кызыл жаян кан төгүлгөн окуя үчүн саясий упай топтоо аракетинде жүргөн, эки элди кагыштырып коюп, эми кумга сиңгендей житип жоголушкан саясаткорлорду айыптады . Жарааттарды айыктырууга, эки бир тууган улуттун ортосундагы мамилени калыбына келтирүүгө ондогон жылдар талап кылынарын, ынтымак болбогон жерде ырыс болбой турганын билдирди. "Кыргызстан- көп улуттуу мамлекет. Ошол көп улуттуу мамлекет баарыбыз үчүн өз үй, өлөң төшүгүбүз болгудай кылып саясат куралы! Башка жол жок. Бул- аксиома”,-деп баса белгилеген Аскар Акаев.(КС)

XS
SM
MD
LG