Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Ошто чет элдик студенттерди куткаруу чарасы жүзөгө ашты


Бул тууралуу Ош шаарындагы комендатуранын кеңсесинен “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев жекшембиде маалымдады. Ошол күнү саал мурдараак Ош шаарында билим алып атышкан 40 чамалуу пакистандык студенттер комендатурага келип, шаардагы Зайнабидинов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде дагы 150 чамалуу түштүк азиялык (пакистандык, шри ланкалык, индиялык ж.б.) студенттер калып атышканын айтышкан.
Ариф Камал аттуу пакистандык студент “Азаттыкка” билдиргендей, ошол эле Зайнабидинов көчөсүндөгү үйдө жашынып турушкан маалда бет кап тагынган куралчан адамдар каалганы талкалап кирип, аларды коркутуп-үркүтүшкөн. Анын айтымында, ушул тапта пакистандык бир студент өмүрүнөн ажыраган. Бул маалыматты башка булактар тарабынан тактоого азырынча мүмкүн болгон жок.

Ош шаарынын комендатурасы пакистандык жана башка түштүк азиялык студенттерди кооптуу аймактан чыгарып кетүү боюнча атайын аскерий топ түзүп, студенттер жашырынып отурган үйгө шашылыш аткарган болчу. (JAk/IJz)

XS
SM
MD
LG