Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

К.Байболов: Түштүктөгү акция эски режимдин чагымчыл тобунун колунан келди


Бул тууралуу Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 120 чакты адамдан турган ыкчам топ аскер кийимин кийинип алып, кыргыз улутундагылар тарапка да, өзбек улутундагылар тарапка да ок атып, чагымчылык кылууда.

“Тополоң уюштургандардын жоон тобу кармалды. Алардын арасында мурдагы бийликтин өкүлдөрү жана азыркы айрым чиновниктердин көкүткөндөрү бар экендиги аныкталды. Тергөө бүткөндөн кийин алардын аты-жөнү коомчулукка жарыяланат”,-деди К.Байболов. (AJ)

XS
SM
MD
LG