Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы өлтүрүлдү


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын биринчи орун басары Таалай Акбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, 13-июнда бир нече адамды барымтага кармаган Кара-Суу районунун тургундары менен сүйлөшүүгө барган ички иштер бөлүмүнүн башчысы Адыл Султанов окко учкан. Ал А.Султановдун өрттөлүшү мүмкүн деген маалымат чын болушу ыктымалдыгын билдирет. Ошол эле учурда А.Султанов менен чогуу барган айдоочу да белгисиз жагдайда каза тапкан. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Алишер Токсонбаевдин айтымында, А.Султановдун сөөгү бүгүн түшкө маал жерге берилет. Учурда тергөө тобу түзүлүп, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG