Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Кызыл Крест качкындардын санын тактоодо


Өзбекстандын бийликтери Кыргызстандын түштүгүндө үч күндөн бери жүрүп жаткан коогадан өлкөгө миңдеген өзбек качкындар ооп келгенин билдирүүдө. Эл аралык Кызыл Крест уюмунун Оштогу миссиясынын өкүлү Анна Нельсон “Азаттыкка” берген маегинде Өзбекстанга канча качкын өткөнүн так айта албасын айтты:

-Азырынча качкындардын так санын айтуу кыйын. Алар миңдеген качкындар жөнүндө айтышууда. Биз бир катар эл аралык гуманитардык уюмдар жана Өзбекстандын Кызыл крест уюму менен чогуу там-жайын таштап чек аранын Өзбек тарабына өтүүгө мажбур болгон адамдардын так эсебин алганга аракеттенип жатабыз.

XS
SM
MD
LG