Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

АКШ президенти Мексика булуңуна бүгүн төртүнчү ирет барат


Барак Обаманын бул аймакка жасоочу сапарынын максаты – АКШнын түштүктөгү штаттарынын жээгин булгаган мунай жана газ агымын токтотуу боюнча аракеттерге көзөмөл жүргүзүү. Ак үйдүн өкүлдөрүнүн айтымында, Обама бүгүн мунай агымынан зыян тарткан Алабама, Миссиссипи жана Флорида штаттарын кыдырат. Эртең Вашингтонго кайтып келген соң АКШ өз тарыхындагы эң ири экологиялык алааматтын кесепеттерин жоюу үчүн эмнелерди кылуусу керектиги боюнча элге кайрылуу жасайт.Мындан дээрлик эки айча мурун деңиздин түбүнөн мунай бургулоочу платформада орун алган жарылуудан сууга жүз миңдеген баррель карай май куюлуп кетти. Бургулоочу жайдын ээси – “Бритиш Петролиум” компаниясынын мунай агымын токтотуу аракети жарым –жартылай гана натыйжа берди.

XS
SM
MD
LG