Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Максим Бакиев Улуу Британиянын аймагынан кармалганы айтылууда


Кыргызстандын бийлиги тарабынан оор кылмыштары үчүн издөө жарыяланган Максим Бакиев Улуу Британияда Чек ара агенттиги тарабынан жашыруун операциянын натыйжасында акыры кармалганын Британиянын "The Sun" гезити жазып чыкты. Бул маалыматты Кыргызстандын Улуттук биринчи каналы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге шилтеме берип тастыктады.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин экинчи уулу Максим Бакиев мындан эки ай мурун өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Кыргызстандын убактылуу өкмөтү тарабынан Интерполдун тизмесине чейин киргизилип издөөгө алынып жаткан. Ал Гемпширдеги Фарнборо аба майданына ижарага алынган жеке менчик учак менен конгондон кийин Чек ара агенттигинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Улуу Британиянын Чек ара агенттиги өз кезегинде бул маалыматты расмий тастыктай элек. (КС)

XS
SM
MD
LG