Бул тууралуу Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева бүгүн маалымат жайында билдирди. Ал эл түшүнүү менен колдоп, референдумга катышат деп ишенерин айтты. Ошодой эле бир нече убактан бери тынчыбай жаткан Ооганстанда деле шайлоолор өтүп жатканын мисал кылды. Кыргызстанда референдум 27-июнга белгиленген. (КЕ)