Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Минск Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербейт


Муну Белоруссиянын башкы прокуратурасынын өкүлү Петр Киселев ырастады, бирок мындай чечимдин себебин түшүндүрүүдөн баш тартты. Бийликтен кулатылган президентти өткөрүп берүү тууралуу документ Минскиге майдын этегинде жөнөтүлгөн. Кыргызстанда Бакиевди 7-апрелдеги кандуу окуяларга тикелей тиешеси бар деп айыпталган.Оппозиция менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышында 90дон ашуун киши набыт кеткен, миңге чукул адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG