Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

“Биримдик” гезитинин төрт журналисти бошотулду


Ош шаарына иш сапары менен барган “Биримдик” гезитинин башкы редакторунун орун басары Тургунбай Нурумбетов, Канжар Мундузбаев жубайы, эки баласы, карындашы менен, гезиттин Москва шаары боюнча кабарчысы Акжол Мусаев, фотокабарчы Жоомарт Туташев 12-июнда Оштон Бишкекке келе жатышканда Жалал-Абаддан өтө бергенде Топурак бел деген жерде белгисиз адамдар жолду тосуп, мылтык менен аткылаган. Журналисттерди унаасына салып өрттөй турган болгондо айыл аксакалдары ортого түшүп ажыратып калышкан. Ажыга барып келген бир аксакал арачы болуп журналисттерди Кара-Дарыя деген жердеги кыргыз айылына алып барып жайгаштырган. “Биримдик” гезитинин кызматкерлери кечээ бошотулуп, алардын жетөө Бишкекке тик учак менен жеткирилди. Бул тууралуу Тургунбай Нурумбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кара-Дарыя айылындагы кыргыздар коңшу айылдан качып келген көптөгөн адамдарды баш калкалатып отурганы менен алардын азык-түлүктөрү түгөнүп, оор күндү баштарынан кечирүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG