Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:22

Сырттан аскерий күч алып келүүгө каршы митинг өтүүдө


Митинг Ала-Тоо аянтында өтүп, аны жарандык активист Улан Орозбаев уюштурууда. Активист Убактылуу өкмөткө кайрылып, өлкөнүн туштүгүндөгү коогалаңды басуу үчүн сырттан аскерий күч тартуу боюнча демилгелерин сынга алып жатат. Орозбаев коогалаңды өздүк аскерлер, милиция курамы менен басуу мүмкүн жана жөндүү экендигин билдирүүдө. Бүгүн ал Ала-Тоо аянтында уюштурган митингге отузга чукул адам чогулуп, бирок алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин өтүнүчү менен таратылды. Чагымчылар келип, тополоң уюштурушу мүмкүн деп чочулаган милиция аянтта топтолууга тыюу салып жатат. Учурда митинг эки кишинин катышуусу менен уланууда. (EK)

XS
SM
MD
LG