Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн социалдык тармакты тейлеген мүчөсү Элмира Ибраимованын жардамчысы Канат Аскаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Бишкектен жана өлкөнүн башка аймактарынан түштүккө жиберилип жаткан азык-түлүк, даары-дармектерге ортодон каракчылар кол салып, талоончулук кылуу аракетин жасоодо. Ош жана Жалал-Абадда гумжардамды элге таратуу шаардык мэрия имаратында гана уюштурулуп, элдин азык-түлүккө муктаждыгы керектүү деңгээлде канаттандырылбай жатат. Бул себептүү гумжардамды бөлүштүрүү боюнча бул шаарларда кошумча борборлорду ачуу караштырылууда. (EK)