Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

БУУ Израил "колго түшүргөн" гумжардамды палестиндерге берүүгө ынанды


БУУ 31-майда Газага гумжардам алып баратканда Израил тарабынан кармалган деңиз кербенинин жүгүн камоодогу Газанын калкына таратууга макулдук берди. БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча координатору Роберт Серри Коопсуздук Кеңешинде бергидей макулдук “гуманитардык негизде” аргасыздан берилгенин айтты. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун 31- майдагы 9 адамдын каны төгүлгөн окуяны эл аралык комиссиянын иликтөөсү зарыл деп эсептерин Серри баса белгиледи. Израил өкмөтү бул чатакты өз алдынча иликтемекчи жана ал үчүн курамына эки чет элдик кирген комиссия түзүүдө.

XS
SM
MD
LG