Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

АКШ өкмөтү Кыргызстанга 10,3 млн. доллар бөлдү


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка караганда бул каражат өлкөнүн түштүгүндөгү кайгылуу окуядан келип чыккан жагдайдан чыгууга жардам көрсөтүү максатын көздөйт. Аталган каражат жергиликтүү жамааттарды колдоо, өтө зарыл медициналык каражаттар менен жабдуу, азык-түлүккө, айыл чарбага колдоо көрсөтүү, алдыдагы шайлоону колдоо иштерине багытталган жана жардамдын көлөмү дагы көбөйтүлөт.

Элчилик ошондой эле АКШ өкмөтү башка эл аралык донор уюмдар менен бирге азык-түлүк, дары-дармектерди жеткирүүнүн коопсуз ыкмаларын караштырууда. АКШ Кыргызстандын түштүгүн турукташтыруу боюнча ЕККУнун, БУУнун билдирүүлөрүн колдойт жана жардамдарды мүмкүн болгон жагдайда аба аркылуу жана башка каражаттар аркылуу коопсуз жеткирүүнү көзөмөлдөө жаатында Убактылуу өкмөт менен тыгыз байланышып турат деп айтылат АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн тараткан маалыматта. (BuS)


XS
SM
MD
LG