Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты Кыргызстандагы абалга тынчсызданууда


Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты эл аралык коомчулук тезирээк кийгилишпесе, Кыргызстандагы кризис алааматка айланышы ыктымал деп билдирди. Комиссиянын жетекчиси Антонио Гуттерес немис радиосуна берген интервьюсунда белгилегендей, Кыргызстандын коңшулары жана эл аралык коомчулук өлкөнүн Убактылуу өкмөтүнө кырдаалды жөнгө салуу үчүн бар жардамын көргөзүүгө тийиш. Комиссариаттын маалыматына ылайык, Кыргызстандын түштүгүндө тополоңдо 200 миңдей киши жер которууга мажбур болгон, 75 миңдейи Өзбекстанга баш калкалашкан.

XS
SM
MD
LG