Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Младичтин жакындары аны өлгөн деп жарыялоо арызын беришти


Согуш кылмыштары жана геноцид үчүн айыпталып жаткан Ратко Младичтин жакындары аны өлгөн деп жарыялоо арызы менен сотко кайрылышты. Младич үй-бүлөөсүнүн адвокаты Салич маалымдагандай, 2003-жылдан бери ал тирүү деген кабар жок болгондуктан, жакындары ушунтип чечишти. 68 жаштагы Младич катуу ооруп жүргөн, медициналык жардамсыз жашай албайт эле, - деди адвокат. Младич 1992-95-жылдары босниялык сербдердин армиясын жетектеген. Ал согуш кылмыштары, атап айтканда 1995-жылы Сребреница кыштагында 8 миңдей мусулманды кыруу жана Сараевонун камоолу үчүн айыпталууда. Младич 15 жылдан бери качып жүрөт. Аны кармоо Сербияны Европа Шаркетине кабыл алуу шарты катары белгиленген.

XS
SM
MD
LG