Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

БШК «Шайлоо» системасын калыбына келтирүү чечимине келди


Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик автоматташтырылган «Шайлоо» системасы менен камсыз кылуу үчүн, аны калыбына келтирүү тууралуу токтом кабыл алды.
7-апрелдеги элдик ыңкылаптагы баш аламандыкта өкмөт үйүндөгү мамлекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасы талкаланган. Аны калыбына келтирүү үчүн 4 миң доллардан ашык каражат жумшалат.
Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
2005-жылы парламенттик шайлоонун добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын маал-маалы менен маалымат экраны, интернет жана мамлекеттик телеберүү аркылуу көрсөтүп туруу үчүн мамлекеттик автоматташтырылган «Шайлоо» системасы түзүлгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG