Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Убактылуу өкмөт Кыргызстан элине кайрылды


Анда «каргашалуу күндөрү жүздөгөн мекендештерибиз кара өзгөй күчтөр тарабынан жасалган кандуу кагылыштын курмандыгы болуп отурат. Ал эми бузукулар менен чагымчылардын айынан миңдеген адам талкалоо менен талап-тоноого, зомбулук менен өлтүрүүлөргө тартылды. Бүтүндөй өлкө калкы курман болгондордун жакындары менен туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөт», - деп жазылат. Ошондой эле бул кайгыга түз же кыйыр тиешеси болбогон бир да кыргыз же өзбек бүлөсү жок экени белгиленип, жаңжалдын башкы себеби – мурдагы төбөлдөрдүн кайрадан бийликке кайтып келүү дымагы экени айтылган.

«Кылмышкерлер кармалып, жоопко тартылмайынча алардын тынчыбасы бизге белгилүү. Мына ушундай каргашалуу күндөрдө жалпы улуттук кайгыга кабылдык, бирок Кыргызстандын бардык жарандарынын колдоосу менен көрүнөө да, көмүскө да кастарын тиккен карсанатай күчтөрдү жеңип чыга алабыз. «Жамандыкты амандык жеңет» дейт, башыбыз аман болсо алдыдагы жамандыктын баарын биргелешип жеңе тургандыгыбызга ишенебиз. Бүгүн Ош менен Жалал-Абад облусунда кырдаал турукташууда», - деп белгиленет кайрылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG