Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Т.Сариев Орусиянын атайын өкүлү менен жолугушту


17-июнда Бишкекте Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Орусиянын атайын өкүлү Владимир Рушайло менен жолугушуп, өлкөнүн түштүк аймагындагы абал боюнча билдирип, кырдаалды турукташтырууга көрүлүп жаткан аракеттер, качкындардын көйгөйлөрүн чечүү, гуманитардык жүктөрдү жеткирүү маселесине токтолду.

Орусиянын Кыргызстан боюнча атайын өкүлү Владимир Рушайло орус өкмөтү өтө зарыл гуманитардык жардамдарды берерин, түштүктөгү баш аламандыктын курмандыктарына техникалык колдоо көрсөтүшөрүн белгиледи.
Бул тууралуу каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG