Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Г.Абдырасулова: А.Мадумаровдун маалыматтары текшерилиши керек


Бул тууралуу жаш активист, укук коргоочу Гүлшайыр Абдырасулова “Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Анын айтымында, А.Мадумаровдун жана башка саясатчылардын түштүктөгү окуялар жөнүндө берген маалыматтары такталып, коомчулукка так берилиши керек.

Ал эми Кыргызстандагы жаштардын активисттер тобу айрым саясатчылар ар кандай айың кептерди айтып, кырдаалды курчутуп, түштүктө эле эмес, өлкөнүн башка аймактарына да башаламандыктын чыгышына түрткү болуучу жагдайды жаратууда деген маалымат таратышты. Алар А.Мадумаров менен Б.Борбиев 17-июндагы маалымат жыйынында түштүктө уруп-сабоо, өлтүрүү, зордуктоо темасын көтөрүп чыкканы үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейт.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы А.Мадумаров болсо маалымат жыйынында түштүктө жабыркагандар кыйла көп экендигин белгилеп, референдум өткөрүүгө каршы пикирин билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG