Мындан 70 жыл илгери Шарл де Гол Франциядагы мекендештерине Би-Би-Си радиосу аркылуу кайрылып, нацисттик оккупанттарга туруштук берүүгө үндөгөн. Ошентип Экинчи дүйнөлүк согуштагы француз Каршылык көрсөтүү кыймылы жаралган. Чакыруу “голлизмдин” жаралышы катары да сыпатталып жүрөт. Мааракени белгилөө үчүн Лондонго Франция президенти Николя Саркози жөнөп кетти. Ханзада Чарлз жана Британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон менен кошо ал ветерандарга сыйлык тапшырып, башка салтанаттарга катышмакчы.