Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Ишкер Ө. Бабанов жана “Ак ниет” жаштар кыймылы Ошко гумжардам жөнөттү


Коомдук ишмер жана ишкер Өмүрбек Бабанов аталган кыймыл менен бирге Оштогу тополоңдон жабыркаган элге 240.000 килограммдан ашуун зарыл азык-түлүк жардамын берди. Жардамдын биринчи бөлүгү ИЛ-76 жүк ташуучу учагы менен 16-июнда жеткирилди.

“Гуманитардык жагдайдын татаалдыгынан жана мекендештерибизге азык-түлүктү тезинен жеткирүү зарылчылыгынан улам, мен өз алдынча учак жалдап, аны Оштун аэропортуна жөнөтүүнү чечтим. Биринчи партия менен 30 тонна түтүк кесменин түрү, 10 тонна күрүч, таруу, арпа, конок, 3000 литр өсүмдүк майы жөнөтүлдү. Көрсөтүлүп жаткан жардамдын көлөмү чоң болгондуктан, азык-түлүктү Ош шаарына башка аймактардан жеткирүүнү уюштурдук. Кечээ автоунаа менен дагы 150 тонна ун жеткирилди. Мындан тышкары бүгүн Ош шаарына Талас областынан кошумча 53 тонна ун жеткирилди. Мен жана “Ак ниет” жаштар кыймылынын мүчөлөрү гуманитардык жардам муктаж болгондорого өз убагында жетет деген үмүттөбүз”, - деп билдирди Өмүрбек Бабанов.

“Ак ниет” жаштар кыймылынын мүчөсү Мирлан Жеенчороевдин айтымында, көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 6 млн. сомду түздү. Бул гуманитардык жардам Ош шаарынын мэриясына караштуу түзүлгөн вице-мэр Абдрахман Жолдошалиев жетектеген атайы комиссияга жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын төрагасы Давлатбек Алимбековго, ошондой эле атайын комиссиянын өкүлү Айтмат Кадырбаевге өткөрүлүп берилди.

Таластан ишкер Мукаш Апитовдун атынан да баасы 200 миң сомду түзгөн 45 кой гуманитардык жардам катары Ошко жөнөтүлдү. Жакын арада бул ишкер дагы 10 тонна ун жардам көрсөтүүнү көздөөдө.

XS
SM
MD
LG