Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

АКШнын расмий өкүлү ишембиде Кыргызстанга келүүдө


АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк ишембиде Кыргызстанга келүүдө. Ал расмий адамдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Америкалык дипломат Кыргызстандагы кырдаалды талкуулайт деп күтүлүүдө. Ошол эле күнү пресс-конференция өткөрүлмөкчү. Кечээ Блэйк Өзбекстан менен Кыргызстан чек арасындагы качкындар лагеринде болгон. Ал Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык жаңжал боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды. (АА)

XS
SM
MD
LG