Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

БУУнун баш катчысы дүйнөнү Кыргызстанга жардам берүүгө үндөдү


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дүйнө коомчулугун Кыргызстандагы кризисти жөнгө салуу үчүн 71 миллион доллар өлчөмүндөгү жардам берүүгө үндөдү. Улуттар уюмунун баш кеңсесинде жасаган билдирүүсүндө Пан Ги Мун Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышуулардан улам 300 миңдей киши жер которгонун, 100 миңдейи Өзбекстанга качканын белгиледи. Дагы миңдеген адам өлкөдөн чыгууга аракеттенүүдө. Баш катчы жапа чеккен аймакта суу, тамак-аш, электр жарыгы тартыш болуп жатканын айтты. Ал Кыргызстандын утурумдук лидери Роза Отунбаева жана Өзбекстан президенти Ислам Каримов менен байланышып, тартип орнотуу, гуманитардык жардамды координациялоо маселесин талкуулаганын кошумчалады. Улуттар уюмунун гуманитардык жардам боюнча кеңсесинин башчысы Жон Холмс түштүк Кыргызстандагы зордук-зомбулук – адамдардын өлүмү, зордуктоо, талап тоноочулук, менчик жана мамлекеттик мүлктү талкалоо, өрт коюу учурлары жүрөктүн үшүн алат деди.

XS
SM
MD
LG