Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

АКШ Кыргызстанга 32,267 миллион доллар жардам берет


Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк бүгүн Бишкекте Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева менен жолугушту. Тараптар Кыргызстандагы, өзгөчө түштүктөгү абал жөнүндө пикир алмашып, кырдаалга баа беришти. АКШнын өкүлү Өзбекстанга качкан кыргыз жарандарынын абалы тынчсыздануу жаратаарын белгиледи. Отунбаева Оштогу кечээки сапары жөнүндө айтып берди. Блэйк АКШ Кыргызстанга 32 миллион доллардан ашуун акчалай жардам бөлүп жатканын маалымдады. Каражат кырдаалды жөнгө салууга жана жер которгон адамдардын муктаждыктарына багытталмакчы. Блэйк бүгүн Бишкекке Өзбекстандан келген. Анын жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG