Буга чейин бүгүн эртең мененки саат онго чейин шаардагы өзбек улутундагы эл жашаган конуштардагы тосмолор алынаары айтылган эле. Бирок конуштарын тоcмолоп алган эл коопсуздугуна байланыштуу мындай талапты аткарган жок. Шаар бийлиги эми тосмолор эртеңге чейин ачылбаса аскер күчтөрү колдонулаарын эскертүүдө. Шаарда бүгүн кырдаал негизинен тынч. Облустук бийликтин алдына топтолгон элүү чакты адам барымтага алынган жакындарын бошотуп берүүнү талап кылышты. Шаар мэри Мелис Мырзакматовдун айтымында, тополондон кийин дайынсыз жоголгондордун саны 400гө чукул. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев кабарлады.(SM)