Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:41

АКШда машыгып жаткан оогандык аскерлер изделүүдө


АКШнын Техас штатында машыгуудан өтүп жаткан ооганстандык жоокерлер изделип жатат. АКШ Аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы соңку 1 жарым жыл ичинде оогандык 17 аскер Лэкланддагы базадан качып кеткенин маалымдады. Алардын жетөө табылган. Америкалык расмий адамдардын айтымында, качкан оогандардын террордук топтор менен байланыштары болгон деген шектенүү жок. Жана алардын АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратаары күмөн. Жоокерлер машыгуу программасынын алкагында англис тилин үйрөнүп жатышкан.
XS
SM
MD
LG