Англия командасынын машыктыруучусу Фабио Капелло анын командасы Түштүк Африкада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында эмне үчүн күтүлгөндөй жакшы ойнобой жатканын түшүндүрө албасын айтты. Кечээ Англия Алжир менен 0-0 эсебинде ойногон. Алдынкы матчта да алар 1 эле упай алышкан. Эми шаршемби күнкү беттешүүдө Англия экинчи айлампага чыгуу үчүн Словенияны жеңүүгө тийиш. Словендер менен АКШнын таймашы кечээ 2-2 эсебинде аяктаган. Алжир болсо эми америкалык футболчулар менен ойнойт.