Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Д.Ниязалиева: Бир дарыгерибиз дайынсыз жоголду


Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип атып, Ош жана Жалал-Абаддагы баш аламандыктар учурунда белгисиз жоголгондор да бир топ бар экенин, алардын арасында кызматын аткарып жүргөн дарыгерлер да бар экенин билдирди. Анын айтымында, Ош шаарындагы балдар ооруканасынын дарыгери Касым Жусубакматов 17-июнда тез жардам иштери менен кеткен боюнча белгисиз жоголгон. Ал ушул күнгө чейин табылбай атат.

“Ак халатчандарга кандай кырдаал болбосун эч ким тийишкен эмес. Анткени алар баарына тегиз жардам берип келишкен. Ал эми жакында болгон баш аламандыктарда ак халатчандар токмоктолгон, тонолгон учурлар болду”,- дейт ал. (IJz)

XS
SM
MD
LG