Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Украина менен Орусиянын газ компаниялары кошулбайт


Орусиянын Газпрому менен Украинанын Нафтогазынын кошулуусу мүмкүн эмес экендиги тууралуу украин премьер- министри Николай Азаров билдирди. Ал кечээ украин телесинен сүйлөгөн учурунда белгилегендей, эки компаниянын кошулуусу жөнүндө макулдашуу болбойт. Бирок Украинанын өкмөтү эки компаниянынын биргелешкен ишкана формасында кызматташуусу боюнча сунуштарды иликтөөнү улантат. Газпром менен Нафтогазды кошууну алгач Орусиянын премьер- министри Владимир Путин сунуш кылган. Анын артынан Газпромдун башчысы Алексей Миллер эки тарап 50%дык үлүш менен биргелешкен ишкана түзүүсүн сунуштап, бул биригүүнү көздөй алгачкы кадам болуусу мүмкүн экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG