Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Беларус менен Орусия газ боюнча сүйлөшүү өткөрөт


Москвадагы сүйлөшүү орус тараптын Беларуска бүгүнтөн тарта көгүлтүр от берүүнү азайтары жөнүндөгү эскертүүсүнөн кийин өткөнү турат. Газпром компаниясы, эгер Минск 192 миллион доллар өлчөмүндөгү карызын төлөбөсө, Беларуска багытталган газ бүгүнөн тарта 85%га азайтыларын эскерткен. Беларус болсо карызы жоктугун айтууда. Газпромдун ишениминде, Беларуска кеткен газ басымынын азайышынан компаниянын Европадагы кардалары жапа чекпейт. Анткени Беларус аркылуу көгүлтүр оттун бир эле бөлүгү ташылат. Анын үстүнө жай айы болгондуктан керектөөнүн көрсөткүчү азайган кез. Газ боюнча сүйлөшүүлөр Москвада өтсө, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров беларус жетекчилиги менен жолугуу үчүн бүгүн Минскиге барат.

XS
SM
MD
LG