Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Роза Отунбаева Жалал-Абадда иш сапары менен жүрөт


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева иш сапары учурунда Жалал-Абад шаарынын абалы менен тик учак аркылуу таанышты. Ал эми Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Роза Отунбаева облустун жетекчилери жана коменданты менен жолугушуп, аймактагы кырдаалды талкуулайт. Ооруканага барып кагылышта жабыркагандардын абалын сурап, башаламандыкта өрттөнгөн, талкаланган ишкана, мекеме жана турак-жайларды көрмөкчү. Өткөөл мезгилдин президенти мындан сырткары Жалал-Абад шаары жана Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушары күтүлүүдө.

Буга чейин Роза Отунбаева ушундай эле иш сапары менен Ош шаарында болуп кайткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG