Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Ошто Нариман айылындагы операция учурунда эки киши каза тапты


Ош областтык комендатуранын басма сөз катчысы Тимур Шаршеналиевдин айтымында, Нариман айылындагы атайын операция учурунда аскерлер үй-үйлөрдү кыдырып, текшерип, тинтүүгө алышты. Текшерүү учурунда 11-13-июндагы Оштогу тополоң окуяларга катышы бар деген шек менен жети адам кармалды. Куралдуу каршылык көрсөткөндөрдүн ичинен эки адам каза тапты. Айылдын ичиндеги элден куралдар, жардыргыч заттар, октор табылды.

Комендатуранын маалыматына караганда, Нариман айылынын жашоочулары коюлган мөөнөттө куралдарын өткөрүп беришкен эмес, айылдын оозун тоскон баррикадаларды албай коюшкан. Ошто жана анын жака белинде тополоң окуяларболуп жаткан күндөрү бул айылга сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү келген Кара-Суу райондук милициянын башчысы менен анын айдоочусу кол салуудан каза табышкан эле.

Нариман жана Молотов айылындагылар өз кезегинде аскер күчтөрү карапайым тургундарга ок атышып, уруп-сабашты деп арызданышууда.

Укук коргоочулар Нариман айылындагы аскердик операциянын жүрүшүндө бейкүнөө элге зордук-зомбулук көрсөтүлдү деп сынга алышып, аны токтотуу талабы менен Ош областынын комендантына кайрылышты. Бул окуяга өзү күбө болгон белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова "аскерлер мыйзамсыз, зөөкүр форматта иштеп атат" деп билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG